Лейлек районуна 2-майда кечке жуук келген сел 55 млн сомдон ашуун зыян алып келгендиги аныкталды. Жалпысынан 8 турак жайга, социалдык объектилерге, электр, жол жана суу түтүктөрүнө залакасы тийген. Жолдорду кум-шагылдардан тазалоо, электр чубалгыларын калыбына келтирүү, сугат суу берүү иштери ыкчам колго алынууда. Бирок 5-майда кайрадан эле сел келип, жолдорду жаап калып, иш ыргагына тоскоолдук жаратты. Жаратылыш кырсыктарынан олуттуу зыян тарткан Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Андыктан элдин коопсуздугу башкы орунда турууда.