Жаңылыктар
Табият кырсыктарын алдын алуу
Кырсык
Табият кырсыктарын алдын алуу

Сел, суу ташкындарынын, жер көчкү кырсыктардан адам өлүмүн болтурбоо, материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кооптуу тилкелерде жашаган кожолуктарга түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Алай, Өзгөн, районундагы калктуу конуштарды нөшөрлөп жааган жаандын кесепеттеринен алдын алуу максатында кооптуу участокторду, суу каналдарын тазалоо кызуу жүрүүдө. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында 2488 турак-жай көчүрүүгө тийиш анын ичинен 1119 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин албагандар 1369 турак-жай мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып көчпөгөндөр болуп аныкталып. Бүгүнкү күндө 1993 үй-бүлөгө жекече эскертмелер берилди. Анын ичинде Өзгөн районунан 300 үй-бүлө Россия Федерацияда, 100 үй-бүлө жайлоодо 93 үй-бүлө туугандарыныкында болгондуктан жалпы 493 үй-бүлө эскертме берүү мүмкүнчүлүк болгон жок, 2 үй-бүлө Алай районунда эскертме бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Андан сырткары жергиликтүү органдарга ӨКМдин Ош облустук башкармалыгы жана өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти менен биргеликте 104 эскертме баракчалары берилди.Бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 83 чатыр райондорго жеткирилди.