Жаңылыктар
Антикризисттик план бекитилди
Экономика
Антикризисттик план бекитилди

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында экономикалык ишмердүүлүктү колдоо максатындагы антикризистик пландын экинчи бөлүгү 6-май күнү өкмөттүн жыйынында бекиди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн брифингде билдирди. Бул план ишкер чөйрөдөн түшкөн сунуштарды, көз карандысыз эксперттердин, Жогорку Кеңеш депутаттарынын жана эл аралык донорлордун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты. Вице-премьердин маалыматына караганда, өзгөчө кырдаал шартында карантинге байланыштуу иши токтоп калган ишкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижара акысынан убактылуу бошотуу да каралган. Өкмөт антикризистик фондго баштапкы мезгилде 14 млрд сомдон кем эмес акча чогултууну көздөөдө.