Жаңылыктар
Президент "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышат

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу быйыл «Өлбөс полк» акциясы бул жолу онлайн режимде өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018 жана 2019-жылдары Бишкекте өткөн «Өлбөс полк» жүрүштөрүнө катышкан. Бул жылы Президенттин чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтү «Өлбөс полк» онлайн-платформасына 1945.srs.kg катталган», - деп билдирет Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү. Жээнбек Пирназаров 1895-жылы туулган. 1941-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Өзгөн районунун аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган жана согуштан кайтпай калган.