Жаңылыктар
Жабыркагандарга жардам
Өзгөчө кырдаал
Жабыркагандарга жардам

Эмгек жана социалдык өнүгүү, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринин кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын селден жабыркаган Кадамжай районунун тургундарына которду. Табигат кырсыгы беш мекендештин өмүрүн алып кетти, арасында 2 жаштагы бала да бар. 

Дагы бир кичинекей кыргызстандыктын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Ондогон тургунга турак жайын калыбына келтирүүгө көмөк керек болуп жатканы билдирүүдө жазылган.

 

Мекеме кызматкерлери каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн айтып, жабыр тарткандардын тезирээк айыгып кетүүсүн каалаган.

Мындан сырткары, Кадамжайдагы селден жабыркагандарга Ош шаарынын мэриясы жардам жөнөттү. Жалпы салмагы 20 тоннага жеткен жүктүн суммасы жарым миллион сомдон ашты. 

Эске салсак, селдин кесепетинен беш адам каза болду. Жоголгон баланы издөө иштери уланып жатат. Табигат кырсыгы келтирген материалдык чыгымдын көлөмү 75 миллион сомдун тегерегинде деп эсептелди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118