Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 9-майынын ушул сааттарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Чек деген аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп маалымдайт. Түн тынч өттү. 

Маселени жеринен териштирүү үчүн Баткен облусуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти.