Бишкек шаарында бүгүн 9-май күнү, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган салют атылат.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иш-чара Жеңиш аянтында саат 22:00дө башталат.
Аны Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы санитардык эрежелерди катуу сактоо менен уюштурушу керек. Иш-чарага шаардыктар катышпайт.