Жаңылыктар
Жаңы номур белгилери
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы номур белгилери

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан тарта  автоунаалар үчүн жаңы номур белгилерин бере баштайт. Мамлекеттик номур белгилеринин негизги өзгөчөлүгү - бул белгиге басылуучу атайын шрифтин колдонулушунда.

Буга чейин башка мамлекеттерде колдонулбаган татаал чиймедеги шрифт конструктордук жана техникалык дыкат иштеп чыгууну талап кылат. Коддор Бишкек менен Ош шаарын албаганда, арип ирээтине ылайык берилет.