Жаңылыктар
Чек арада жабыркагандар медициналык көзөмөлдө
Чек ара
Чек арада жабыркагандар медициналык көзөмөлдө

8-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган үч жоокер менен бир жай тургун Баткен облустук бириктирилген ооруканасына түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда үч аскер кызматкери ооруканада дарыланып жатат. 

Ал эми жай тургун алгачкы медициналык-санитардык жардам алып, абалы канааттандырарлык деп табылгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. 

Жабырлануучулардын бири 1994-жылы туулган жоокердин көкүрөк туштагы омурткасына, ичине жана жамбаш сөөктөрүнө ок тийген. Операция жасалды, абалы оор деп бааланууда. Экинчи жабырлануучу 1995-жылы туулган чек арачынын да көкүрөгүнө ок тийип, операция жасалды. Абалы орточо, туруктуу деп айтылды. Үчүнчү жабырлануучу 1996-жылы төрөлгөн чек арачыны ок көкүрөгүн тешип чыккан. Жаракатын алгачкы хирургиялык дарылоодон өткөрүшкөн. Абалы орточо, туруктуу деп бааланып жатат.

Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөлдө. Дары-дармек, медициналык шаймандар жана кан компоненттери жетиштүү өлчөмдө. Ошондой эле Баткендин ооруканасына Ош облустук ооруканасынан нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлер тобу барды.