Жаңылыктар
Туристтердин коопсуздугу камсыздалат
Туризм
Туристтердин коопсуздугу камсыздалат

1-июндан тарта Кайгуул милиция башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Мындай чаралар өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун жана тартибин камсыздоо үчүн киргизилип жатат. Автоунаалар тынымсыз каттаган аймактык жолдордо жол-кайгуул милициясынын бекеттери орнотулду. 

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда быйылкы туристтик сезон 7-майда ачылган. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 1-июлдан 28-август аралыгында "Ош - Ысык-Көл - Ош" авиакаттамы ачылып, ал жумасына эки жолу каттайт.

Ошондой эле, учурда «Астана - Тамчы - Астана» жана «Чымкент - Тамчы - Чымкент» эл аралык каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 

Мындан сырткары, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларынан Алматы, Омск жана Орусиянын башка шаарларына 23 автобус каттамы иштейт. 

Россиялык туроператорлордун маалыматы боюнча, Кыргызстан бул жылы орусиялык эс алуучулар үчүн эң популярдуу багыт болууда. Быйыл республикага Орусиядан 100 миңден ашык турист келет деп күтүлүүдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118