Жаңылыктар
Коомдук транспорттун иштөөсүнө кайрадан тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук транспорттун иштөөсүнө кайрадан тыюу салынды

Бул эпидемиологиялык абал жеңилдебей жаткандан улам кабыл алынган чечим. Буга чейин автобустар менен троллейбустардын жүргүнчү ташуусуна 11-майдан баштап уруксат берилери кабарланган.

Коронавируска каршы күрөштөгү ийгиликтерден улам бир катар ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилип, Бишкекте 11-майдан тартып автобус менен троллейбустар да шаар ичиндеги каттамдарын жүргүзөөрү кабарланган. Бирок соңку күндөрү абал кайра оорлошту. Мындан улам буга чейин кабыл алынган чечимди жокко чыгарылды. 

Кооптуу илдеттин жайылуу коркунучу коомдук транспортто жогору экенин вирусолог адистер да эскертип жатышат. Бул айрыкча калк көп жайгашкан Бишкек үчүн кооптуу.  Азырынча такси кызматынын иштөөсүнө уруксат берилди. Бирок экиден ашык жүргүнчү ташууга тыюу салынат жана санитардык талаптар так сакталышы зарыл.