Жаңылыктар
С.Жээнбеков өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков өлкөнүн бизнес коомчулугу менен жолугушту

Тарап жаткан инфекциядан улам чек аралардын жабылышы - тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рыногунда солгундоо жана баалардын жогорулашы да байкалды. 

Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда. Бирок, кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун - андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат. Бүгүн, президент өлкөдөгү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент ишкер чөйрө менен буга чейин да жолугуп турчу. Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин кең курамдагы отурумдары тармактагы көйгөйлөр, аларды чечүү жолдорун талкууланган аянтча болчу. Тарап жаткан инфекциядан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кеңештин отурумдары өтө элек болчу. Бүгүнкү отурумга Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү келди. Күн тартибиндеги маселе, өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү.

Өлкө башчысы жыйындын жүрүндө коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айтты. Ал учурдагы кырдаал ата мекендик экономикадагы топтолуп калган бир катар кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын баса белгиледи. Бул көрүнүш келечекке сабак болуп, мындан кийинки иш-аракеттерге талаптарды кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, экономикалык жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар экендигин кошумчалады.

Өлкө башчысы кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун - андан ишкерлердин жигердүү аракети алып чыга тургандыгын айтты. Президент экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чакан жана орто бизнес чөйрөсүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи. Чындыгында өлкө экономикасы күркүрөгөн завод фабрика же өнөр жай ишканаларына таянбайт. Биздин экономиканын локомотиви орто жана чакан ишкерлик. Анын ичинде жеңил өнөр жайы, тейлөө тармагы, айыл чарба, туризм жана башка. Учурдан пайдаланып ата мекендик өндүрүштү жандантып, импортту алмаштыра турган өздүк продуктыларды пропагандалоо сунушу берилди. 

Бүгүнкү жыйындын максаты ийри отуруп түз кеңешүү десек болот. Пандемиядан улам түзүлгөн кырдаалды бизнес өкүлдөрү да туура түшүнүү менен кабыл алууда. Андыктан аткаруу бийлигинин каатчылыкка каршы туруу, экономиканы жандандыруу боюнча баяндамалары жасалды. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү да кырдаалга жараша бирге аракет кылуу боюнча сунуштарын беришти. Албетте, бул учур ар ким өз көмөчүнө күл тарта турган учур эмес. Өлкө экономикасы өкмөттү кандай түйшөлтсө, ишкер чөйрө үчүн да ошондой маанилүү экенин айтышты.

Өлкө башчысы учурдагы кырдаалда ишкерликти колдоого багытталган чараларды өз маалында ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи. Импортко көз карандылыкты азайтып, аны алмаштыра турган ата мекендик өндүрүштү колдоо зарыл деди. Өзүбүздүн өндүрүштү колго алуу өлкө экономикасына гана эмес, бул өлкөнүн тамак-аш коопсуздугуна да таасир этет. Бул маселе өзгөчө пандемиия шартында жакшы билинди. Андыктан президент учурдагы кризис шартына жараша талап кылына турган ата мекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн колдоо көрсөтүү механизмдерин дыкат иштеп чыгуу тапшырмасын койду. Аны менен бирге өзүбүздүн өндүрүштү колдоого карата ишкер чөйрөдөн да сунуштар айтылды. 

Ушу тапта биздеги өндүрүш жана ишкер чөйрө акырындык жанданганы менен жергиликтүү базардан тышкары экспортко чыгуу маселеси турат. Кыргызстандан экспорттолгон товардын басымдуу көлөмү жеңил өнөр жай товарлары. Бул тармак акыркы жылдары өлкө экономикасын жана экспортту алдыга сүйрөгөн тармактардын бири боло алды. Жыйында «Жеңил өнөр жай» ассоциациясынын президенти да баяндама жасап, бул учур мамлекет менен бизнес бир бүтүн механизм катары иштөөнү талап кыларын айтты. 

Өлкө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында жашап жатканына бир жарым ай болду. Бул убакыт аралыгында өндүрүштө, жумушчу базарында сенектик абал катталды. Ишканалардын көбү токтоп турду. Мамлекет башчысы мындай шартта катуу чектөөлөргө карабастан, ишкерлер абалды түшүнүү менен кабыл алып, биринчи зарылдыктагы товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирип турушканын баса белгиледи. Пандемия коомдук саламаттык үчүн гана эмес, экономика, өндүрүш жана бизнес үчүн да чоң сыноо болду. Эми мындан аркы негизги милдет каатчылыкка каршы бирге күрөшүү.

Жыйында президент тарабынан Өкмөт иштеп чыккан кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес секторун активдүү тартуу сунушу берилди. Ушу тапта ишкер чөйрө мамлекет тарабынан каржылык да, мыйзамдык-укуктук жактан да колдоого муктаж. Мамлекет да бизнеске ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтууда.

Каатчылык кырдаалда экономиканы жандантуу, ишкер чөйрө менен тыгыз кызматташуу маселеси эми Өкмөттүн астындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында каралат. Бүгүнкү жыйында министрлер кабинетин да бир катар милдеттер коюлду.

Кеңешип кескен бармак оорубайт. Бүгүнкү кырдаал артка кетүүнүн эмес тескерисинче жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуунун учуру. Учурдан пайдаланып ата мекендик өндүрүштү жолго коюп алуу мүмкүнчүлүгү жаралганын адистер айтышат. Өлкө башчысынын жетекчилиги астында өкмөт жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн бүгүнкү жыйын бул багыттагы кадамдын алгачкысы десек болот.