Жаңылыктар
Экинчи баскычтагы ишкерлер жанданды
Кыргызстан жаңылыктары
Экинчи баскычтагы ишкерлер жанданды

Өкмөт ата мекендик экономиканы туруктуу калыбына келтирүү үчүн багыттуу иштерди ыкчамдатты. Майдын башынан тарта орто жана чакан ишкерчиликтин тогуз түрүнө иштөөгө уруксат берилсе, 11-майдан тартып бизнестин дагы 7 түрү иштеп баштады. Ар бир сатуучу соода кылган жерин жууп тазалоо менен алек. Базар толугу менен дезинфекцияланууда. Антпесе эки айдан бери жабык турганга чаң деле басып калган. Бишкекте кездемени, тигүү тармагына керек болгон буюмдарды дүңүнөн саткан ири базарда дүйшөмбү санитардык күн. Эртеңден тартып ишин толук кандуу баштайбыз деп турган ишкерлер жумуштун жанданганына кубанып турушат. Мында 800дөн ашык ишкер иштейт. Базар жетекчилиги санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоону катуу талап кылууда. 

Кыргызстандын тигүү тармагы алтын жана айыл чарбасынан кийин эле үчүнчү орунду ээлейт. Соңку жыйырма жылда өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагы жеке эле ички эмес сырткы рыноктун эбин таба алды. Кыргызстандын чыккан кийим-кечелер ЕАЭБ жана чет мамлекеттердин рыногун багындырды. Экспортко багытталган тармакта 200 миңге чукул адам жумуш орду менен камсыз. Мындан улам тармактын кайра жанданышы экономиканы ылдам калыбына келтирүүгө түрткү берет-дейт экономисттер. 

Уруксат берилээри менен унаа тетиктерин саткан базарда жык жыйма. Тетик сатып алууну каалаган кардарлар арбын. 11-майдан тартып ишин жанданткан ишкерлердин дагы бири унаа жана велосипед тетиктерин саткандар. Бирок ошол эле учурда экинчи баскычтагы бизнестин түрлөрү санитардык эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоого милдеттүү. Буга атайын адистерден турган топ көзөмөл салат жана чара көрүлөт-дейт Өкмөт өкүлдөрү. Албетте бул чаралар оорунун жайылышына каршы көрүлүп жатат. 

Ошол эле учурда экинчи баскычта микрофинансылык уюмдар, ломбард, адвокаттык кеңселер, камсыздандыруу компаниялар, кыймылсыз мүлк агенттиктери; туристтик агенттиктер, сантехник, электромонтаж жана жыгач усталар, тиричилик техникаларын оңдоо, химиялык тазалоо кызматтарын көрсөткөндөр ишин баштады. Ал эми үчүнчү этапта 21-майдан тартып соода борборлор, кафе, ресторандар менен кийим кече саткан базарлар иштей баштайт.