Жаңылыктар
Ош: карантиндик режим сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Ош: карантиндик режим сакталат

Ош шаарында санитардык талапты аткарбаган 50дөй ишкананын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бир канчасына айып пул салынды. Калаада эпидемиологиялык абал туруктуу, вирусту жуктуруп алган 113 бейтаптан ооруканада үчөө гана калды.

Ош шаарында 25-марттан бери 58 миң үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Мамлекеттин материалдык резервдер фондунан 230 тонна ун келген. Аймактагы өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узартылганына байланыштуу, 25-апрелден тарта жардамга муктаж жарандар үчүн мамлекет тарабынан 22 млн. сом каражат бөлүнгөн. Ар бир үй-бүлөгө 800 сомдон эсептелинген азык-түлүк баштыгы 1227 “Түндүк” тутумуна катталган 27 миң 700 үй-бүлөгө каралган. Калаа башчысынын айтымында, гумжардамдын төртүнчү траншына каралган 5 миң азык-түлүк баштыгы учурда даярдалууда.

Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. COVID-19 вирусуна чалдыккан 113 бейтаптын 108и толук айыгып чыкты. Тилекке каршы, оору 2 жарандын өмүрүн алды. Учурда 2 бейтап ооруканада дарылууда. Шаарда катталган оорулуулар менен байланышта болгондор толук аныкталып, үй карантининен чыгарылды. Деген менен, коркунучтун баары артта калды, дегенге кепилдик жок. Илдеттин сырттан келүү тобокелчилиги бар. Ушул себептүү, Ош шаарынын коңшу район, аймактар менен чектешкен бөлүктөрүндө посттор алынган жок. Санитардык-карантиндик кызмат жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдө.

Посттордон шаар ичинде иштеген ишканалардын кызматкерлери тийиштүү документтеринин жардамында тоскоолдуксуз өтөт. 1-майдан тартып, баскыч-баскычы менен ишке түшчү тармактын алгачкы бөлүгүнө Оштогу 7 чөйрө кирген. Шаардык мэрияга 3 миңдей ишкерден арыз түшкөн. Аларга коюлган талаптар менен Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн мобилдүү-комиссиялык топ иш алып барат. Жаңы эрежеге ылайык, мындан ары калк ден-соолугуна кайдыгер караган кызматкердин өзүнө эмес, жетекчисине чара көрүлөт. 

Ал эми, жумушчуларды ташуу, алар үчүн автотранспорт уюштуруу жагы -ишкананын жоопкерчилигине жүткөлгөн. Вирустун мындан аркы жайылышын ооздуктоо максатында, азырынча коомдук каттамдар жандана элек. Аталган тармактардын кызматкерлери сан.эпид көзөмөл кызматы тарабынан жапырт текшерүүдөн өтөт. Алардан экспресс-тест эмес ПЦР анализи алынат. Максат: вирустун мындан аркы жайылышына жол бербөө. Курулуш чөйрөсүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен калк муктаждыгын чечүүгө багытталган долбоорлор да бар. Жыл соңуна чейин пайдаланууга берилчү объектилердин ичинде, калкты ичүүчү таза суу, мектеп, бала-бакча жана саркындуу суу куурларын жаңылоо иштери бар.