Жаңылыктар
Жалал-Абад: коопсуздук чаралары
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: коопсуздук чаралары

Бүгүндөн тартып Жалал-Абад шаарында соода чөйрөсү, финансы тармагы жана башка калкты тейлөө кызматтары ишин жандантты. Ошол эле учурда санитардык эрежени сактоо талабы дагы жогору. Өкмөт тарабынан соода тармагынын бир нече түрүнө уруксат берилген. Арасында курулуш материалдарын саткан дүкөн жана базарлар бар. Бул күнү Жалал-Абад шаарындагы ири курулуш материал базары иштеп баштады. 

Бактыбек Исмаилов дагы бул базарда курулуш материалын сатат. Уруксаттын берилиши менен бүгүн ишке чыккан. Санитардык талаптарды сактоого көңүл бурулуп, атайын каражаттар, беткап колдонулуп жатыптыр. Ар бир кирген кардарга антисептик себилип, аралыкты сактоо боюнча эскертилүүдө дейт. Бирок келген кардар аз. Өзгөчө абал алынып, бир катар тармактарга уруксаттын берилгени Жалал-Абад шаарында эл менен унаа көбөйдү. Беткапсыз жүргөндөр дагы жок эмес. 

Өзгөчө абал киргенден кийин, Жалал-Абад шаарынын 4 жерине санитардык-карантиндик посттор коюлган болчу. 10-май өзгөчө абал мөөнөтү аяктап, кечээ түнү шаар кире беришине коюлган бардык посттор алынды. Бүгүнкү күндө санитардык-карантиндик посттор облустар менен чектешкен аймактарга гана коюлган. Калган ички каттамдагы посттор алынган. Ошондой эле санитардык-карантиндик пост облус аймагынын Чаткал районуна бара турган каттамга коюлган.