Жаңылыктар
Беларус оппозициясы президенттик шайлоого катышуудан баш тартууда
Дүйнө
Беларус оппозициясы президенттик шайлоого катышуудан баш тартууда

Беларуста өздөрүн оппозициячыл партия деп атаган «Беларус элдик фронту» жана солчул маанайдагы «Адилеттүү дүйнө» партиялары алдыдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартышты.

«Илдетке чалдыккандардын саны кыйла аз катталган Европа өлкөлөрү шайлоолорду кийинкиге жылдырып жаткан чакта, пандемия күч алган Беларуста шайлоо өткөрүү өтө кооптуу», — деп билдирди «Беларус элдик фронту».

Солчул күчтөрдүн өкүлдөрү шайлоо өткөрүү чечимин «кылмыш» деп аташты. «Коронавирус инфекциясы тездик менен жайылып жаткан шартта жакынкы үч айда шайлоо өткөрүү көптөгөн адамдарын ден соолугу менен өмүрүн тобокелдикке салат», — деп жазылган «Адилеттүү дүйнөнүн» борбордук комитетинин билдирүүсүндө.

Өткөн жумада Беларус парламентинин төмөнкү палатасы кезектеги президенттик шайлоону быйыл 9-августка белгилеген. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко бул шайлоодо талапкерлигин коерун билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча Беларуста коронавирус жуктургандардын саны дээрлик 23 миңге жетип, 131 бейтап каза болду.