Жаңылыктар
Арстанбап айылында диний экстремизмди колдогондор көп
Дин
Арстанбап айылында диний экстремизмди колдогондор көп

Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча экстремисттик жана террордук мүнөздөгү 19 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы билдирет. Ошондой эле Жалал Абад облусунун Арстанбап айылында диний экстремизмди колдогондор көп.  Экстремистик маанайдагы  кылмышка айыпталгандардын арасында мурда диний экстремизм боюнча соттолгондор да бар. Күч органдары Арстанбап айлындагы үйлөрдү тинтүү учурунда диний-экстремисттик адабияттар, курал-жарак, ок даарылар табылган. Талдоочулардын пикиринде, Борбор Азия  мамлекеттери бүгүнкү күндө диний радикалдык кырдаал  курчуп турган жакынкы чыгыш   өлкөлөрүнө чектеш турат. Андыктан өлкөдө улуттук коопсуздукка көңүл буруу зарыл.

Өткөн жылдын 30-31-декабрында Облустук ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция өткөрүшкөн. Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы төрт үй тинтүүгө алынып,  диний-экстремисттик адабияттар, курал-жарак жана ок даарылар табылган - дейт, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Олжобай Казабаев.

Ошондой эле Жалал Абад облусунун Арстанбап айылында диний экстремизмди колдогондор көп. Керек десе, бир көчөнүн жашоочулары 15-17 үй бүлөнүн экстремисттерди колдоого алып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшүп, учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка айыпталгандардын арасында мурда диний экстремизм боюнча соттолгондор да бар - деп кошумчалады Олжобай Казабаев.

Өзгөчө түштүк аймакта диний экстремиз маселе жаратып жатканы коркунучтуу. Бул биринчиден жарандардын диний сабатсыздыгынан келип чыгууда. Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Бакыт Осмоновдун пикиринде, түшүндүрүү иштери тез арада жасалуучу иш эмес. Учурда облусттук, райондук деңгээлде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылы “Ислам мамлекети”  деп  өздөрүн атаган  уюм, Борбор Азия  өлкөлөрүндө баш аламындык уюштурууга ири  каражат   бөлдү деген маалымат чыгып, каражат алгач  жаштарды диний согуштарга тартуу, баш аламандыкты  уюштуруу  иштерине  багытталаары айтылган. Андан бери Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 400 дөн ашкандыгы айтылып келет. Талдоочу  Артур  Медетбековдун айтымында, Кыргызстан үчүн   ислам динин жамынган  уюмдардын катарында   Орто Азия  мамлекеттеринен   чыккан жарандардын  бар экендиги  өзгөчө коркунуч жаратат.

Талдоочулардын пикиринде экстремисттик  жана  террористтик  маанайдагы күчтөргө каршы  турууда  биргелешкен  аракеттер глобалдык   денгээлде  жүргүзүлүшү керек. Кооптуу учурларды жөнгө салуу үчүн мамлекет кескин чараларды көрүп, улуттук коопсуздукка өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Аймактардын жашоочуларына диний билим берилип, мектептерде жана билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү сабактары өтүлүшү мезгил талабы экендигин адистер белгилешет.