Жаңылыктар
Санкт-Петербургда тилсиз жоо 5 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Санкт-Петербургда тилсиз жоо 5 адамдын өмүрүн алды

  Санкт-Петербургда коронавируска чалдыккандар дарыланып жаткан ооруканада өрт чыгып, кеминде беш адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды. 

Тилсиз жоо Ыйык Георгий атындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, өрттүн чыгышына өпкөнү жасалма дем алдыруучу апараттын ишиндеги мүчүлүштүк себеп болгон. 

Өрттүн кесепетинен каза болгон бейтаптар аппараттын жардамы менен дем алып жаткандар экени маалым болду. Учурда 150дөй киши коопсуз жайга чыгарылып, окуя боюнча кылмыш иши козголду деп айтылат маалыматта. Петербургда коронавируска чалдыккандардын саны 7 жарым миңден ашты.