Кырчындай 47 жашында омуру кыйылган полковник Үсөнбек Ниязбековдун эстелиги бугун орнотулду. Эскерте кетсек, Ниязбеков кызмат учурунда, кылмышка шектелген Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү операциясында ок жеп каза болгон. Анын артында 6 баласы калды. Курман болгондон кийин милдетин аткарууда көрсөткөн каармандыгы үчүн “Эрдик” медалы менен сыйланган.