Жаңылыктар
Каракол 2022-жылы КМШнын маданий борбору болушу ыктымал
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол 2022-жылы КМШнын маданий борбору болушу ыктымал

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 2022-жылы Кыргызстандын Каракол шаарын КМШнын маданий борбору кылып жарыялоо сунушун колдошту. Бул тууралуу ТИМ кабарлады. Эске салсак, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин онлайн форматындагы жыйынына катышкан. Анда министрлер алдыда боло турган КМШнын өлкө жана өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны жана анын күн тартибине басым жасашты. Онлайн жыйында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2021-2030-жылдарга стратегиялык долбоорлорун, алардын ичинде жаштар боюнча кызматташтык, туризм, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү долбоорлорун жактырышты. 

"Делегация жетекчилери Кыргызстандын 2022-жылы Каракол шаарын КМШнын маданий борбору деп жарыялоо сунушун колдошту", — деп айтылат маалыматта. 

Кеңештин мүчөлөрү коопсуздукту камсыз кылуудагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди да карашкан. Анын ичинен аскердик кызматташуу жана КМШ өлкөлөрүнүн чек араларындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын бөлүктөрдү түзүү боюнча документтердин долбоорлору жактырылган. Тышкы иштер министрлеринин кийинки жыйынын ушул жылдын 15-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөрүү пландалууда.