Жаңылыктар
Свердлов районундагы аз камсыз болгон тургундар азык-түлүк менен камсыз болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Свердлов районундагы аз камсыз болгон тургундар азык-түлүк менен камсыз болушту

Бишкектин Свердлов районунун жаңы конуштарынын аз камсыз болгон тургундары азык - түлүк менен камсыз болушту. Жардам алгандардын арасында күндөлүк кирешенин эсебинен үй-бүлөлөрүн багып жаткан арабакеч сыяктуу базардын тейлөөчү кызматкерлери дагы бар. Жалпы район боюнча жардамга муктаж 38 миң үй бүлө катталып, алардын 28 миңден ашыгына жардам берилди.

Чоң соода түйүндө араба менен жүк тарткан миңден ашык жумушчу, кардар менен соодагерди аралап, чай-кофе саткан жүздөгөн адам эмгектенет. Базардын жабылышы көбүн кыйынчылыкка дуушар кылды. Андай муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси алынып, азык-түлүк таратылды.

Жалгыз бой Улукбек Тагаев 1-топтогу уулу менен батирде жашайт. Ата баланын жашоосу базарга тыгыз байланышкан. Улукбек таң эрте туруп соодасы кайнаган базарга барып, араба түртүп , күнүмдүк тапкан акчасын жашоосуна жумшайт. Ал жалгыз калган уулун маал-маалы менен келип курсагын тойгузуп, кабар алып турат. Иши токтогон ата учурда кыйналып турган чагы.