Жаңылыктар
Президент ЕАЭБ жыйынына катышууда
Экономика
Президент ЕАЭБ жыйынына катышууда

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр биримдиктин келечегине шек келтире турган ар кандай чаралардан баш тартышы керек. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдигинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБди колдоп, ага мүчө болгонуна бир жылга жакын убакыт болду. Бирок коңшу өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык мигранттардын көйгөйү, мунай продукцияларына болгон бажы төлөмдөрү, Кыргызстандан Казакстанга картошка экспортоодо, ошондой эле ветеринардык көзөмөл бөлүктөрдү жоюуда иш-аракеттер жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканына токтолду. 

Андыктан биримдикке кирген мамлекеттердин башчылары ЕАЭБдин алкагындагы бардык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн болгон күч аракеттерин жумшашы керек деди Президент Алмазбек Атамбаев. Ошондой эле өлкө башчы биримдиктин түзүлгөнүнө аз гана убакыт болгону менен жакшы жетишкендиктер бар экендигин белгиледи. 

Азыр жаралган маселелер убактылуу экендиги, андыктан ЕАЭБдин келечегин түзүү ага кирген ар бир мамлекеттин элдеринин, жетекчилеринин колунда экени айтылды. Жогорку Евразия Экономикалык биримдиктин кезектеги жыйыны бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жатат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин башчылары катышып жатат. Жыйында жалпы 15 маселе каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.