Жаңылыктар
Капустанын баасы жылдагыдан төмөн болууда
Экономика
Капустанын баасы жылдагыдан төмөн болууда

Күнөстүү Араван району алчанын мекени катары белгилүү. Аймакта жылына жемиштин бул түрүнөн 800 тоннадай түшүм жыйналат. Мунун 600 тоннасы сыртка экспорттолот. Ушундай эле көлөмдө аймактан капуста да өстүрүлөт. Бирок, быйыл бул азыкка болгон баа жылдагыдан төмөн. 


Ош облусунун аймагында багбанчылык менен дыйканчылыктын аянты жыл сайын кулачын жаюуда. Бир эле алчанын көчөтү тигилген аянт акыркы 2 жылда 500 гектарга көбөйгөн. Бул жемиш бактары алма бактарынын ордун ээлеген жана көп киреше бергени менен өзгөчөлөнөт. Азыр сатыкка чыккан алчанын эрте бышчу сорту экспортко жараксыз. Көлөм, сапатынан да анын көп убакытка сакталуу мүмкүнчүлүгү жок.



Экологиялык таза азык былтыр биринчи ирет ортомчусуз экспортко чыгарылды. Буга, аймакта жаңыдан ачылган ЕАЭБдин талаптарына жооп берген заманбап лабораториялар менен жемиштерди сактап, кайра иштете турган колсолидациялык борборлордун ролу чоң. Булар берген сертификатты дүйнөнүн бардык өлкөсү тааныйт.

Алчанын экспортко чыкчу сорту 15 күндөн соң жыйнала баштайт. Араван районунда алгачкы түшүм март айынын аягында эле жыйнала баштайт. Чек-Абаддык Равшан Кочкоров, күнөскана ишкерлигине быйыл алгачкы ирет киришти. 4 сотык күнөсканада помидор менен бадыраңдын азыр үчүнчү терими башталды. Ар бир үзүмүнөн 100 килого чейин түшүм жыйналат.