Жаңылыктар
Баткен облусунда нөшөрлүү жаан күрүч талааны жууп кетти
Өзгөчө кырдаал
Баткен облусунда нөшөрлүү жаан күрүч талааны жууп кетти

Баткен облусунда нөшөрлүү жаандан кийин арыктан суу ташкыны жаралып, күрүч эгилген талааны жууп кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 13-майда кечинде нөшөрлөгөн жаан жааган. 

Жаркыштак айылында арыктан аккан суу ашып, 50 сотык күрүч талаасын каптаган. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы райондорунда да 11-12-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетин жоюу иштери уланууда.