Жаңылыктар
Казакстандын түштүгүн кайрадан сел каптады
Өзгөчө кырдаал
Казакстандын түштүгүн кайрадан сел каптады

Казакстандын Түркстан облусун кайрадан сел каптады. Нөшөрлөгөн жамгыр бир нече күндөн бери токтой элек. Аймак майдын башында Өзбекстандагы дамбанын жырылышынан жапа чеккен.

Түркстанда жаан шаршембиде эле башталган. Ошол эле күнү кечинде Каскасу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, үч райондогу бир нече айылдарды суу каптады.

"Суу кечээ кечинде эле каптаган. Биз эмне болуп кеткенин түшүнбөй деле калдык. Суунун агымы менен таштар жирелип келди. Биз үйдө болчубуз, даярданганга жетиштик. Анан куткаруучулар бизди чыгарып кетишти”, – деди Елтай айлынын тургуну Музурхан Бабашев.

Аймактан болжол менен 150дөй киши көчүрүлдү, дагы ушунча киши айылдардан өзүлөрү чыгып кетүүгө үлгүрүштү. Айрым тургундар үйлөрүнөн кетүүнү каалашкан жок: алар калган мал-мүлкүн сактап калуу аракетинде.

"Суудан короо жай, мончо зыянга учурады. Суу үйүмө чейин кирди, чатыры кулайын деп кыйшайып калды. Тиричилик техникаларын алып чыгып кетүү керек, – деди Табысхан Турдалиев.

Жергиликтүү бийлик селдин чыгымдарын эсептей элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, Елтай жана башка дагы беш айылда 300дөй үйдү суу каптаган. Каскасу айыл аймагында суу төрт көпүрөнү жууп кетти.

Ушул тапта суу каптаган айылдарда арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө. Жергиликтүү аткаминерлердин билдиришинче, 40 мүнөттө бир айдын нормасындагы жаан жааган. Селдин кесепетин жоюу үчүн Чымкент шаарынан куткаруучулар чакырылды. Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланды, синоптиктер Түркстан облусунун башка аймактарында да аба ырайы чукул өзгөрө турганын эскертүүдө.