Жаңылыктар
Төрөт үйүндөгү жагдай иликтенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Төрөт үйүндөгү жагдай иликтенүүдө

Төрөт үйүндөгү коронавирустун пайда болушунун себептерин атайын комиссия аныктап жатат. Бул үчүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев башында турган топ Нарын облусуна барды. 

Буга чейин аталган дубандагы төрөт үйүнүн алты кызматкеринен кооптуу илдет табылып, дарыгерлер жетишсиз болуп жатканы кабарланган. Облус жетекчилиги Саламаттык сактоо министрлигине Бишкектен кызматкерлерди жөнөтүүнү сунуштаган.