Жаңылыктар
Ысык-Көл: санитардык талаптарды сактоо шарттары текшерилди
Аймак
Ысык-Көл: санитардык талаптарды сактоо шарттары текшерилди

Ысык-Көл районунда ишкердик субъекттердин санитардык нормалардын сакталышын текшерүү максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук администрация билдирди. 

Рейд жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана тиешелүү органдардын кызматкерлеринен турган атайын топ тарабынан жүргүзүлүп, жалпысынан 55 объект текшерилди. Санитардык нормалардын эрежелерин сакталбаган соода түйүндөрүнүн жана ишканалардын ээлерине оозеки эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.