Жаңылыктар
Бүгүн Энелер күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Энелер күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар өтөт

17-май Энелер күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын чыгармачылык жамааты тарабынан “Энелер аалам сулуусу ” аттуу театрлаштырылган концерт “ЭлТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу министрликтин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу саат 13.10дө башталып, түз эфирде көрсөтүлөт. 

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Энелердин жүрөгү токтобосун” аталышындагы адабий кече саат 14:20да көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театры жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын жамааты тарабынан даярдалган Ош шаарынын таланттарынын "Эне ыйык. 

Эне улук. Эне кут" аттуу концертин саат 16:30да “ЭлТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу көрүүгө болот. Калган республикалык баардык театр оюн- зоок мекемелеринин чыгармачыл жамаатынын эне темасындагы чыгармалары ар бир театрдын жана министрликтин Фейсбук баракчасы аркылуу жарыяланып турат.