Жаңылыктар
Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы?
Экономика
Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы?

Тарап жаткан инфекция адамзаттын күнүмдүк тиричилигин таптакыр башка реалдуулукка бурду. Дээрлик эки ай бою дүйнө өлкөлөрүнүн баарында өндүрүш ишканалары ишин токтотуп, жумушчу базары бош турду. Дүйнө экономикасы миллиарддаган чыгымдарга туш келди. Мындай каатчылык Кыргызстанды да буйтап өткөн жок. Бизде да өндүрүш токтоп, ишканалар жабылган. Май айынан тарта экономика акырындык менен жандана баштады. Иш башталганы менен мурдагыдай уланып кетиши кыйын болуп турат. Пандемия ата мекендик ишкер чөйрөнү бир топ көйгөйлөргө туш кылды.