Жаңылыктар
Ооганстанда Гани менен Абдулла бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту
Дүйнө
Ооганстанда Гани менен Абдулла бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту

Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы Абдулла Абдулла бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин өкүлү Седик Садикки «Твиттер» баракчасына жазды.

Эки саясатчынын ортосундагы келишимге ылайык, Абдулла «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимине жетишүү боюнча ооган өкмөтүнүн делегациясын жетектейт.

Былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоодо эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялап, март айында ант берүү аземин өткөрүшкөн.

Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясы жарышта бир канча добуш менен Ашраф Гани жеңгенин жарыялаган. Абдулла шайлоонун жыйынтыгы «бурмаланганын» айтып чыккан.

Бул талаш согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу Кабул менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү кечеңдетип келген. Быйыл февралда жетишилген макулдашууга ылайык, сүйлөшүүлөр 10-мартта башталышы керек болчу.