Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын отурумуна катышты. Астана шаарына өлкө жетекчи бүгүн эртең менен учуп барды.
Кеңири курамдагы жыйында Президент Кыргызстанда түрлүү ой-пикирлерди жаратып жаткан ЕАЭБдеги көп көйгөйлөр боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Анткен менен азыр бир катар ийгиликтер бар, бирок, кемчиликтер менен жоготуулар, атайылап жасалган маселелер да жок эмес, деди мамлекет башчы.
Астанадагы ЕАЭБдин бул жолку саммити өзгөчө мааниге ээ болду десек болот. Анткени интеграциялык бирикмени түзүү боюнча келишимге кол коюлганына туура эки жыл болду. Анан калса, 2014-жылы 29-майда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев талапкер өлкөнүн башчысы катары сапар жасаса, бул ирээт ал толук кандуу катышуучу, ал эми мамлекет болсо ири союздун толук укуктуу мүчөсү.
Эки жыл - айтканга оңой угулганы менен, жөнөкөй убакыт эмес. Алгачкы жыйынтыктарды чыгаруунун да мезгил келди. Бул аралыкта Россия, Беларусь жана Казакстан сыяктуу ири үчилтикке а дегенде Армения кошулса, андан кийин алардын катарын Кыргызстан толуктады.
ЕАЭБдин отурумунда өлкө лидерлери 2025-жылга карата мунай жана газ боюнча жалпы рынокту түзүү концепциясын макулдашат деп күтүлгөн. Маалымдалгандай, азыр 3 жылдан кийин ишин баштоочу электроэнергетикалык рынокту мыйзамдаштырууга даярдыктар башталды. Ошондой эле, 2025-жылга карата ЕАЭБ алкагын бирдиктүү каржы рыногу ээлеши керек.
Отурумда Евразиялык экономикалык союздун үчүнчү өлкөлөр жана бирикмелер менен кызматташуусу боюнча маселе да кеңири талкууланды. Анткени бир казанда кайнай бербей, башкалар менен соода кылып, мамилени түзүү зарылдыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Казак Президенти Нурсултан Назарбаевдин пикиринде ЕАЭБ бирикме катары толук калыптанды.
Тажрыйба көрсөткөндөй, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, бардыгы эле каалагандай боло берген жок. Бирикмеге кошулган Кыргызстан айыл чарбасын жандантууну көздөгөн. Бирок, Казакстан башкасын айтпаганда да картошканы киргизүүгө тыюу салды. Жашылча жүктөлгөн ондогон унаа чек арадан өтө алган жок. Мунун бардыгын президент Алмазбек Атамбаев кеңейтилген жыйында ачык айтты.
«Кыргызстан Евразиялык интеграция долбоорун колдоп, Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол койгондон бери бир жыл өттү. Мисалы, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Россияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактарына карабастан, бир катар маселелерге токтолгум келет. Бул бирдиктүү темир жол тарифинин, кыргыз картошкасынын Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Россия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка маселелер», - деди Президент.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия, Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Беларусь өлкөлөрүнөн турган союздун мындан аркы өнүгүүсү боюнча өзүнүн көз-карашын билдирди.
«Кызматташтыктын ушундай форматын колдоо менен мен интеграциянын негизги максаттарына жетүүгө мындан ары да сиздерди колдоого жана өз кызматтарыӊыздарды ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга багыттоого чакырат элем. Анткени тоскоолдуктар Биримдиктин беделине доо кетириши мүмкүн. Келишимге 2014-жылы 29-майда кол коюлган, эки гана жыл болду. Бирок биздин Биримдиктин зор потенциалы көзгө көрүнүп калды. Албетте, бир катар жыйынтыктар жана ийгиликтер менен кошо кемчиликтер жана жаңылыштыктар, атайылап жасалган проблемалар да бар. Кыязы, өсүп келаткан жаш организмде ошондой болот окшойт. Биздин элдерде, биздин өлкөлөрдө башка жол жок экенин биз так түшүнүүгө тийишпиз. Биримдиктин келечегине, биздин өлкөлөрдүн келечегине баарыбыз жооптуубуз. Эмгек менен сабырдуулук, акылмандык менен өз ара кызматташуу керек», - белгиледи А.Атамбаев.
Саясат таануучулар президенттин сөзүн ачык жана түз болду деп сыпаттады. ЕАЭБ Кыргызстанда өздүк товарды сатууга ылайыктуу базар катары кабылданды. А базар болсо атайылап түзүлгөн тоскоолдуктары жок, ачык болушу кажет. Дал ошол максаттар менен Евразиялык экономикалык союз түзүлгөн дейт эксперттер.