Жаңылыктар
Тейлөөнү жакшыртуу - заман талабы
Туризм
Тейлөөнү жакшыртуу - заман талабы

Чет элдик коноктордун Кыргызстан тууралуу алгачкы таасирлери албетте аба майдандан башталат. Андагы алгач эле тосуп алган кызматкерлердин мамилеси, дегеле аба майдандагы тейлөө кызматы талапка жооп береби? Ушул суроону талкуулаган жыйын болуп өттү. 

"Эшигин көрүп, төрүнө өт: чет элдик коноктордун “Манас” эл аралык аба майдана келгендеги алгачкы таасири” аттуу жыйында, эң эле талкууга түшкөн маселе, аба майдандагы учактан жаңы эле түшкөн жүргүнчүлөрдү этектей жабышкан таксисттер болду. Алардын мындай жоруктарын кантип тыйып, кандай кылганда маданияттуулукка үйрөтөбүз деген суроо талкуу жаратты.
 

Аба майдандагы тейлөө маселесин талкууга алган жыйында, тейлөө кызматкерлеринин орой мамилеси менен чет тилдерди билбестиги да негизги маселе экени айтылды. Чек араны көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, жасалма документ менен өтүүгө аракет кылгандар бир жагынан, жүргүнчүлөрдүн санынын көбү экинчи жагынан, ишти оорлотууда.
 Туристтик компаниялардын өкүлдөрү тейлөө тармагында эл аралык талапка жооп бергидей шартты түзүп бербесек, туристтик мезгилге карата айрым бир тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн дешет
 Аба майдандагы айрым бир терс жагдайлар бир гана ошол жердеги кызматкерлердин күнөөсү эмес дейт жетекчилик. Андагы бардык бөлүмдөр менен башкармалыктар биригип маселени чече билүүсүнөн көп нерсе көз каранды.
Компаниянын карамагында 5 эл аралык, 6 аймактык аба майдан жана 3 кичи ишкана бар.