Жаңылыктар
ЖК: Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишим жактырылды
Экономика
ЖК: Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишим жактырылды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишимди жактырды. Депутаттар Евразия өнүгүү банкынын инвестициялык насыясы тууралуу келишимге киргизилген кошумчалар боюнча долбоорду талкуулады. Долбоорду Евразия өнүгүү банкы каржылайт.

Комитетте келишим тууралуу Өнөй жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын орун басары Айтмамат Кадырбаев баяндама жасады. Анын айтуусунда, долбоор тууралуу келишим 2017-жылдын январында бекитилген. 1,4 млн доллар бөлүнүп, бирок ал жүйөлүү себептерден улам иштетилген эмес. Маалыматка караганда, кошумча келишим кабыл алынгандан кийин аталган банк Кыргызстанга дагы 1,3 миллион доллар берет.