Жаңылыктар
Өткөн жылы коррупциялык кылмыштар боюнча 4870 кылмыш иши козголгон
Коррупция
Өткөн жылы коррупциялык кылмыштар боюнча 4870 кылмыш иши козголгон

2016-2017-жылдары укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча 2039, 2018-2019-жылдары 4870 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ага ылайык, 16-17-жылдары 670 кылмыш иши боюнча 1080, 18-19-жылдары 735 кылмыш иши боюнча 1135 кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылды. 

Башкы көзөмөл органы билдиргендей жогоруда аталган категориядагы кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыян 2016-2017-жылдары 6 млрд сомдон ашык сумманы түзсө, 2018-2019-жылдары 12 млрд сомдон ашкан. Казынага кайтарылган сумма 18-19-жылы 5 млрд 384 млн сомду түзүп, мурдагы эки жылга салыштырганда 180 млн сомго көп болгон.