Жаңылыктар
Акча алмаштыруучу жайларга 250 миң сомго чейин айып салынат
Экономика
Акча алмаштыруучу жайларга 250 миң сомго чейин айып салынат

 Жакынкы күндөрү лицензиясы жок иш жүргүзүп жаткан акча алмаштыруучу жайларга 100 миңден 250 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн. Бул тууралуу мыйзам долбоору парламентте 3 окуудан кабыл алынды.  Бирок акча алмаштыруучу жайдын ээлери мындай жагдайга макул эместиктерин билдирүүдө.

Лицензиясы жок, же болбосо эреже-тартипти бузган акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндарына айып пул 100 эсеге чейин жогорулайт. Мыйзам бузган акча алмаштыруучу кеңселердин ээлери болгону 1500 сом айып пул төлөп, өз ишин уланта берчү. Айыпты жогорулатуу акча алмаштыруучу жайлардын ишин ирээтке келтирүүнү максат кылат. Анткени өлкөдө жалпысынан миңден ашык акча алмаштыруучу жай бар болсо, алардын 3төн бир бөлүгү гана мыйзамдуу иш алып барат.
 Акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндары атайын уруксат кагазы жок иштөө албетте мыйзамсыз, бирок бул жагдайда айыпка жыгылып жаткан жайдын көлөмү так аныкталбай калган деген пикирлерин айтууда. Анткени мыйзам боюнча айып пулдун өлчөмү ири жайларга деле, чакан акча алмаштыруучу жайга деле бирдей болуп калган.
 Улуттук банк өкүлдөрү мындай кадамга барууга мажбур болуучу жагдай келип чыккандыгын билдирип, көмүскө иштеп жаткан акча алмаштыруучу жайлардын ишин мыйзамдаштырууга убакыт бар экендигин эскертүүдө.
Демилгеленген мыйзам долбоору парламентте 3 окуудан колдоо тапты. Эми президенттин кол коюусунан кийин, мыйзамдуу түрдө ишке кирет.