Жаңылыктар
Кыргызстан - ар улуттуу өлкө
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстан - ар улуттуу өлкө

 Кыргызстанды 80 ашык ар улуттун өкүлдөрү мекендейт. Алар түрдүү тармакта эмгектенип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ал эми улуттар ортосундагы биримдикти сактап, ынтымакка чакырууда Ассамблеянын барандуу эмгеги бар. 

Кыргыз жана орус тилин суудай билген Фатима Байрамкулованын улуту - карачай. Мектеп окуучуларына орус тилинен сабак берет. Фатима айымдын атасы согуштан кийин Бишкеке сүргүнгө келип, ошол бойдон калып калган. Бала кезинен Кыргызстанды мекендеген агартуучу эч качан балдарды улутка бөлгөн эмес.
 

Улуттар ынтымагын сактап, биримдикке чакырган ассамблеянын түзүлгөнүнө 20 жылдан ашты. Алгач ар улуттун өкүлдөрүнөн турган маданий уюм түзүлүп, андан соң 80 улуттун башын бириктирген бүтүндөй ассамблеяга айланды. Жаш муунду улутуна карабай мекенди сүйүүгө тарбиялап, өлкөсү менен мактанып, тең укукта болушуна шарт түзүү керек дейт, Улуттар Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов.
 Дюселдорфтон келген Мая аттуу ырчы кыз Жалал-Абаддык окуучулар менен бирге кыргызча ырды так аткарып, элдин алкышына татыды. Волонтер катары келген ырчы Кыргызстанды абдан жактырганын айтып, кайрадан келээрин убада кылууда.