Жаңылыктар
ЕАЭБ: автотранспорттор үчүн бирикме ичинде болуу мөөнөтү узартылды
Экономика
ЕАЭБ: автотранспорттор үчүн бирикме ичинде болуу мөөнөтү узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБдин аймагына кирип, чыга албай калган автотранспорттор үчүн бирикме ичинде болуу мөөнөтүн 30-сентябрга чейин узартты. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Демек, үчүнчү өлкөлөрдөн убактылуу киргизилген транспорттордун ээси 30-сентябрга чейин техникасын ЕАЭБ аймагынан чыгарып кетпей эле койсо болот. Ошондой эле бул аралыкта кандайдыр бир айып пулга жыгылбайт. 

“Ошондой эле, чет өлкөгө ЕАЭБге туруктуу жашаганы келгендер же качкын макамы бар адамдардын жеке мүлкүн алып кирүү каралган, салыксыз 18 айлык арзандатуу мөөнөтү токтотулуп, 30-сентябрдан баштап кайра иштейт”, — деп айтылат билдирүүдө. Буга ЕАЭБ коронавирустан коргонуу үчүн кабыл алган чараларынан улам, мүлкүн чыгарып кете албаган жарандарга жардам берүү максаты себеп болду.