Жаңылыктар
Орозо айт 24-майга белгиленди
Дин
Орозо айт 24-майга белгиленди

Бул жылы кадыр түн 20-майга караган түнү тосулса, Орозо айт 24-майга белгиленди. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бир айга созулган Орозо айы 24-апрелде башталган. Орозонун башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Бул ай кээде 30 же 29 күн болот.