Жаңылыктар
25-май эс алуу күнү деп жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
25-май эс алуу күнү деп жарыяланды

25-май эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ведомстводон кабарлашкандай, 24-май Орозо айт майрамы жекшембиге туш келгендиктен Эмгек кодексине ылайык кийинки жумушчу күнү эс алуу болот. 

Ошентип, 5 күндүк иш график менен иштегендер үчүн 23-24-25-май, ал эми алты күндүк иш графиги менен иштегендер үчүн 24-25-май эс алуу күндөрү болуп саналат.