Жаңылыктар
Лионель Месси “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталды
Спорт
Лионель Месси “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталды

Лионель Месси өз карьерасында 5-жолу “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталып, “Алтын топ” сыйлыгын алды. Саамалык Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан ФИФАнын баш кеңсесинде өттү. Анда бир катар наамдар боюнча дүйнөнүн мыктылары аныкталды.

Жыл сайын ФИФА уюму мыкты футболчуларды аныктап келет. Бу жолкусунда аргентиналык оюнчу Лионель Месси мыкты футболчу деп табылды. Жеңүүчүнү курама командалардын капитандары, ошондой эле дүйнөнүн спорт журналисттери катышкан добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталды. Сыйлоо салтанатында сөз алып сүйлөгөн Месси буларга токтолду.

-Бала  кезимде мындай ийгилик тууралуу керек болсо ойлонгон эмесмин. Жашоомду түркүн  түскө боёгон футболго рахматымды айтам. Былтыр Криштиану сыйлыкты алып жатканын  көрүүчүлөрдүн катарына отуруп көрүп, кайрадан бул сыйлыкка ээ болгонум үчүн  чексиз кубанычтамын. Жалпысынан футболго ыраазымын. Ал мени алдыга карай  жылганга көмөк көрсөттү.

Ал эми Португалиялык чабуулчу  Роналду, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты.

-Мен Лео Мессинин сол бутуна суктанам. Анын сол буту менин сол бутума караганда бир топ алдыда турат (күлүп). Оюн талаасында жараткан голдору туурасында айтпасамда күйөрмандар жакшы  билишет. Мен сыйлык тапшыруу аземине мага добуш бергендерди  сыйлаганымдан улам келдим. Месси болсо  бул сыйлыкты татыктуу алды деп ойлом. 

 Мындан тышкары “Барселонанын” машыктыруучусу Луис Энрике «мыкты тренер» деп табылды. Ал эми мыкты голдун автору катары бразилиялык Вендель Лира аталды.

Эске салсак, Лионель Месси «Алтын топту» жеңүү боюнча абсолюттук чемпион болуп саналат. Ал аталган сыйлыкты 2009-2010-2011 жана 12-жылдары да жеңген.