Жаңылыктар
19-май, Кыргызстанда жүрөк хирургиясынын туулган күнү
Ден соолук
19-май, Кыргызстанда жүрөк хирургиясынын туулган күнү

Кыргызстанда жүрөк хирургиясынын туулган күнү 1959-жылдын 19-майы деп эсептелет. Дал ушул күнү Фрунзе шаарында Кыргыз ССР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык клиникалык ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүндө профессор, академик Ахунбаев Иса Коноевич Борбор Азияда жана Казакстанда биринчи жолу жүрөккө ийгиликтүү операция жасаган. 

Ошол мезгилдеги дарыгерлердин каалоосу жана шыктануусу Кыргызстандын адистери тарабынан жүрөккө операция жасоого чоң мүмкүндүк берди.