Жаңылыктар
Экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык ишмердүүлүктү жандантуу

Бала бакча, базар, кафе, соода борборлору, калкты тейлөө жайлары качан иштеп баштайт? Быйыл Ысык-Көлгө барып, эс алууга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал мүмкүнчүлүк береби? Бул суроолорго Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов жооп берди. Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында экономикалык ишмердүүлүккө байланыштуу дагы кандай маселелер тууралуу сөз болду.

Экономикалык ишмердүүлүктү жандантуунун экинчи баскычы эки бөлүк менен ишке ашырылат. Анда буга чейин иштөөгө уруксат берилбеген тармактар ишин баштамакчы. Биринчи бөлүктүн алкагында ушул бейшембиден тарта төмөндөгү тармактар жанданат.

Экономикалык ишмердик менен бирге эле көпчүлүктү кызыктырган суроолордун бири жайкы эс алуу үчүн Ысык-Көлгө барууга мүмкүнбү? Эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калып жаткандыктан, Ысык-Көлдө эс алуу боюнча өзгөчө талаптар коюлушу ыктымал.