Жаңылыктар
«Чоң казаттын» чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды
Коррупция
«Чоң казаттын» чакырыгы боюнча экспертиза дайындалды

«Чоң Казат» аттуу кыймылдын чакырыктарына укуктук баа берүү боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу парламенттин 20-майдагы сессиясында ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жыйында «Электрондук башкаруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланып жатат. Карамушкина: «Аталган кыймылдын аракеттерине баа берүү мыйзам долбоорунун беренелерине туура келеби?» деп суроо салып, коомдогу чакырыктар боюнча ИИМдин аракеттерине кызыкты.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, азыр чакырыктарда кылмыштын курамы бар же жок экенин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Cоциалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы кызуу талкууланып жатат. Ага дейре бул кыймылдын мүчөсү деген Сыймык Жапыкеев аттуу мурдагы прокуратура кызматкери Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөндүү жолдор менен байыган деп айыптап чыккан.