Ирак чалгыны “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери камакка алынганын кабарлады. “Аль-Арабия” каналы билдиргендей, былтыр күзүндө ИМдин мурдагы башчысы Абу Бакр аль-Багдади америкалык аскерлердин колунан өлгөндөн кийин ал топту жетектеп калган.
“Ислам мамлекети” террордук тобу өз билдирүүлөрүндө уюмдун лидери Абу Ибрагим Аль-Хашими Аль-Кураши экенин айтып келет. Вашингтон бул ат менен уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири жана идеологу Амир Мохаммед Абдель Рахман аль-Мауль жашырынып жүрөт деп эсептейт. Ирак чалгынчылары кармалган жоочунун чыныгы аты Абдилнасер аль-Кирдаш экенин белгилейт.
Айрым маалыматтарга караганда, ал мурда “Аль-Каиданын” мүчөсү, 2011-2019-жылдары ИМ тобунун Сириядагы жетекчиси болгон.
Ал кай жерде, кандай кырдаалда кармалганы айтылган эмес.
Ирактын улуттук чалгын кызматынын башчысы Мустафа аль-Каземи апрелде өлкөнүн өкмөт башчылыгына дайындалган.