Жаңылыктар
Түркмөнстанда укук коргоо органдары буудайдын түшүмүн кайтарат
Айыл чарба
Түркмөнстанда укук коргоо органдары буудайдын түшүмүн кайтарат

Түркмөнстандын Лебап облусунда буудай түшүмүн кайтаруу үчүн укук коргоо органдары, анын ичинде улуттук коопсуздук жана ички иштер министрлиги, аскер кызматкерлеринен турган атайын топтор түзүлдү.

Жергиликтүү бийлик түшүм жыйноо учурунда буудай уурдоо маселеси жаралышы мүмкүн деп кабатыр болууда.

Соңку учурларда жергиликтүү дыйкандар жашылча-жемиштерин уурдаткан учурлар көп катталууда.

Өлкөнүн түштүгүндө буудай бышканы калды. Кишилер мамлекетке тиешелүү талаалардагы эгинди тартып алуудан кайра тартпачудай абалда турат.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери азык-түлүк каатчылыгы өкүм сүрүүдө. Анын ичинде ун үчүн кезекке турган учурлар көп катталууда.