Жаңылыктар
Көчмөндөр маданияты балдардын көзү менен
Айыл чарба
Көчмөндөр маданияты балдардын көзү менен

“Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөтүндө” деп аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чара дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна, тарых жана маданият жылына карата өткөрүлгөн. Сынака 5 жаштан 17 жашка чейинки бүт облустун балдары катышып, бардыгы болуп бир жарым миңден ашык сүрөт коюлган. 

Эң мыкты эмгектердин авторлору 2-3-июнда Ош шаарында өтө турган этнофестивалда грамота, диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. 

Андан сырткары калыстар тобу 200 сүрөттү тандап алды. Алар сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган көчмөндөр оюнунда көргөзмөгө коюлат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан жаш муундарга Кыргызстандын тарыхы жана маданияты менен кененирээк таанышууга мүмкүнчүлүк түзөт.