Жаңылыктар
Доллардын расмий баасы төмөндөдү
Экономика
Доллардын расмий баасы төмөндөдү

Кыргызстанда доллардын расмий курсу болжол менен 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөдү. Улуттук банк 21-майга карата доллардын курсун 75 сом 69 тыйын деп аныктады.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. 19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган.