Жаңылыктар
Бишкек шаарында 8 миңден ашык бак-дарак отургузулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарында 8 миңден ашык бак-дарак отургузулду

Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуровдун брифингинин жыйынтыгы:


- Борбордун көчөлөрүндө күнүнө эки жолу дезинфекция чаралары жүрүп жатат, ал үчүн 19 тоннадан ашык хлор керектелген;


- 1007 лифт жумасына эки жолу дезинфекцияланууда;


- 10 миңден ашык бак-дарак отургузуу пландалган, бүгүнкү күндө 8 миңден ашыгы отургузулду;


- Бүгүнкү күндө 748 миң гүл көчөттөрү отургузулду;


- 20 км ирригациялык тармактардын курулушу пландалууда;


- Мэриянын карамагында 374,62 га аянтты ээлеген 8 парк бар;


- Жалпы аянты 59,91 га түзгөн 7 парктын курулушу пландалууда;


- Велосипед үчүн 22,2 км жолдо курулуш иш-чаралары жүрүп жатат;


- Көчөлөрдө 40 км жолдун төшөлүүсү жана 40 км тротуарлардын капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө;


-️ Бишкекти көрктөндүрүү иштеринин эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 3,5 млн сомго 367 протокол түзүлдү.