Жаңылыктар
24-майда айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
Дин
24-майда айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

24-майда айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кабыл алынган. "Илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле, айт намазы да аянт жана мечиттерде болбойт. 

Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайлы", — деп айтылат маалыматта. Муфтият 24-майда таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болоорун кошумчалады.