Жаңылыктар
Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү башталды
Маданият
 Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү башталды

Кыргызстанда Кувейт мамлекетинин маданият күндөрү башталды. Анын расмий ачылышы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, эки өлкөнүн маданият тармагындагы өкүлдөрү катышты.

Араб мамлекетинен келген делегацияны Кувейт мамлекетинин маданият, искусство жана адабият боюнча улуттук кеңешинин баш катчысы Али Хусейн Аль-Юха жетектеп келди жана анын курамында искусство жаатында эмгектенген 30дан ашык аттуу-баштуу адамдар бар. 

Мусулман өлкөсүнөн келген коноктор бир жума бою өз маданиятынын калыптанышынан тарта, бүгүнкү күндөгү өзгөчөлүктөрүнө чейин таанытат. 

Эске салсак, февраль айында Кыргызстандын Кувейттеги маданият күндөрү өтүп, ага чыгармачыл чөйрөнүн 50гө жакын өкүлү катышкан болчу. Тараптар иш-чараны кыргыз-кувейт алакасын арттырууга жакшы аянтча болуп берет дешет. Белгилей кетсек, мындай саамалыктар президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылы Араб мамлекеттерине жасаган сапарынын натыйжасында жетишилип отурат.